БИОЛОГИЯЛЫК АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ ТЕРРИТОРИЯЛАРЫН САКТОО БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТҮК ФОНДУ (CEPF)

суза

Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду (CEPF) – оор абалда болгон экосистемаларды сактоо үчүн коомдук уюмдарды, активисттерди каржылоону камсыздоочу жана техникалык жардам көрсөтүүчү дүйнөлүк программа. Фонд 2000-жылы түзүлгөн.

Фонд өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жана өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдөгү адамдарга – биологиялык ресурстарга абдан бай жерлердин бири, бирок адамзат үчүн абдан маанилүү болгон, жок болуп кетүү коркунучунда калган дүйнөлүк биотүрдүүлүктүн өзөктүү жерлерин коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Жарандык коомго, өкмөттүк эмес уюмдарга, жеке секторго жана академиялык уюмдарга гранттарды берүү менен CEPF жергиликтүү кызыкдар тараптар менен биргеликте иштелип чыккан сактоо боюнча стратегияларды ишке ашырат. Бул инвестициялар өзгөчө маанилүү, анткени өзөктүү жерлер жакыр жана тиричилик кылуу үчүн жаратылыштан көз каранды болгон миллиондогон адамдар үчүн үй болуп саналат.

Фонд француз Өнүктүрүү агенттигинин, Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмунун, Европа Союзунун, Глобалдык экологиялык фонддун, Япония Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен программасы болуп саналат.

Сайт: www.cepf.net