FAQ

Гранттарга ким өтүнмө бере алат?

Биз сиздин назарыңызга гранттардын бул программасынан каржылоону ала алган уюмдардын толук эмес тизмесин сунуштайбыз. Сизде кандайдыр бир маселени тактап алуу зарылчылыгы пайда болсо, алар менен байланышка чыгууну өтүнөбүз.

  • Өкмөттүк эмес уюмдар
  • Өкмөттүк эмес уюмдар
  • Жеке университеттер
  • Жарандык бирикмелер же шериктештиктер
  • Жарандык коомду уюштуруунун башка формалары (күмөн санасаңыз, биз менен байланышыңыз

Фермердик чарбалар же аңчылык чарбалары сыяктуу коммерциялык уюмдар да тийиштүү негиздемени көрсөтсө, гранттарды ала алат.

 

Ири гранттар менен кичи гранттардын ортосундагы айырма эмнеде?

Кичи гранттар 20 000 АКШ доллар суммасында чейин берилет. Кичи гранттарга өтүнмөлөрдү берүү процесси – бул сунуштар конкурсу жарыялагандан кийин бир этаптуу өтүнмө берүү тартиби. Ири гранттар 20 000 же андан ашуун АКШ доллар суммасында берилет. Ири гранттарга өтүнмө берүү процесси эки этаптан турат. Потенциалдуу грант алуучулар биринчи жолу катышуу кызыкчылыгын күбөлөндүргөн катты жиберишет жана алардын өтүнмөсү жактырылса, аларга толук өтүнмөнү берүү сунушталат.

 

Долбоордун узактыгы

Долбоорлордун узактыгы чектелген эмес, бирок сынак жөнүндө айкын жарыядагы нускамаларга көңүл бурууну өтүнөбүз. Эреже катары, кичи долбоорлордун узактыгы 1-2 жылды түзөт, ал эми ири гранттар көбүрөөк мөөнөткө созулат. Жыйынтыгында долбоорлоруңуздун мөөнөтү сизден көз каранды болот. Бардык долбоорлор милдеттүү түрдө 2024-жылдын июнь айына чейин аягына чыгарылуусу зарыл.

 

Гранттын максималдуу көлөмү

Ири гранттардын бюджети $150,000ден ашпашы керек.

 

Бир эле уюм эки же андан ашуун гранттарды ала алабы?

Биз бир эле учурда бир гранттан ашуунун бере албайбыз: сиз кийинки долбоорду баштаганга чейин, биринчи долбоорду толугу менен аягына чыгарышыңыз керек. Ошол эле убакта бир уюмдан келип түшүүчү өтүнмөлөрдүн саны чектелбейт.