ЖАРАНДЫК КООМДУ ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫ (АРГО)

argo“АРГО” Жарандык Коомду Өнүктүрүү Ассоциациясы – бул жарандык коомдук уюмдарды (ЖКУ) бириктирүүчү, Казахстандагы коомдук уюмдарга жана коомчулуктарга кызматтарды көрсөтүүчү улуттук ассоциация. АРГО өлкөнүн жалпы территориясы боюнча ЖКУлардын ресурстук борборлорун бириктирүү менен 2004-жылы расмий каттоодон өткөн. Анын ар бир катышуучусу өзүнүн КЭУ тармагына ээ жана АРГОнун расмий мүчөлөрүнө Казахстандагы КЭУлардын дээрлик 80% жеткиликтүү. 10 жылдын ичинде АРГО Казахстанда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барган, ал эми акыркы жылдары анын иш алып баруу чөйрөсү Борбордук Азияга, КМШ жана Түштүк Азияга чейин кеңейтилди.

Миссиясы

АРГО – бул улуттук, регионалдык жана эл аралык социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын кесипкөй пландоо жана администрациялоо боюнча иш алып баруучу коммерциялык эмес уюм. АРГО үчүн артыкчылыктуу региондор болуп Борбордук Азия, КМШ жана Түштүк Азия өлкөлөрү саналат.

АРГО жарандык коомду өнүктүрүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонот. Ассоциация тарабынан Казахстандын, Борбордук Азиянын региондорунда жана КМШ өлкөлөрүндө институционалдык өнүктүрүү, анын ичинде тренингдер, консультациялар, “тегерек столдор”, мониторинг, баалоо, ресурстук борборлордун кызматтары боюнча 30000 ашуун кызматтар көрсөтүлгөн.

Биринчи жолу Казахстан Республикасында АРГО “КЭУ жана мамлекет: натыйжалуу өнөктөштүк курсу” Улуттук Докладын даярдады.

АРГО жана Асоциациянын мүчөлөрү мамлекеттик түзүмдөр менен мамиле түзүү, ачык баарлашуу үчүн, өз ара аракеттенүү жана ачык-айкындуулук үчүн көптөгөн күч-аракет жумшады. АРГО жарандык коом менен иштөөнүн артыкчылыктары боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрөт.

АРГО ири компанияларга социалдык багыттагы долбоорлорду жана программаларды пландоого жана ишке ашырууга жардам берүү аркылуу бизнес менен ийгиликтүү өз ара аракеттенет.

АРГОнун ийгликтүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болуп Казахстандын мамлекеттик бийлик органдарынын бардык деңгээлинде да, ошондой эле Казахстанда иш алып барган эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар тарабынан да таануусу саналат. АРГО Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консультативдик-кеңеш берүүчү органынын мүчөсү, ошондой эле Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Парламентинин алдындагы жана башка мамлекеттик органдарынын жумушчу топторунун жана коомдук кеңештеринин мүчөсү болуп саналат.

Ассоциациянын ишмердүүлүгүн таануу болуп АРГОнун лидерлери мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйлангандыгы да саналат.

Биринчи жолу Казахстанда АРГО “Социалдык ишканаларды өнүктүрүү” 25 пилоттук долбоорду ишке ашырган. АРГО жарандык коомду өнүктүрүү жаатында изилдөөчүлүк, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзөт. Биринчи жолу Казахстан Республикасында АРГО “КЭУ жана мамлекет: натыйжалуу өнөктөштүк курсу” Улуттук Докладын даярдады.

Сайт: argonet.org