ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ

Гранттардын программасы Борбордук Азия регионунда биотүрдүүлүктү сактап калууга багытталган. Программа WWF координациясы менен ишке ашырылат жана Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланат (CEPF). Фонд 2000-жылы биотүрдүүлүктүн уясын – дүйнөнүн биологиялык бай экосистемаларын коргоо үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдө жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында негизделген.

Борбордук Азиянын тоолуу регионундагы биотүрдүүлүктүн уясы болгон Азиянын эки ири – Памир жана Тянь-Шань тоо кыркалары менен түзүлгөн жана жети өлкөнүн территориясында орун алган: Кыргызстандын жана Тажикстандын дээрлик бардык территориясын, түштүк-чыгыш Казахстандын, чыгыш Өзбекстандын, батыш Кытайдын, түндүк-чыгыш Афганистандын жана түштүк-чыгыш Түркмөнстандын кичи тоолуу бөлүгүн ээлейт.

Бул территория өсүмдүктөрдүн, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөрдүн, жерде-сууда жашоочулардын, тузсуз сууда жашоочу балыктардын эндемикалык түрлөрүнүн кеңири түрүнө ээ.

Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги территорияларын сактоо боюнча өнөктөштүк фондунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул сыяктуу гранттык программалар долбоор жүргүзүлүүчү региондогу биотүрдүүлүктүн негизги территорияларынын сакталашын камсыздоо, ошондой эле узак мөөнөттүү негизде жарандык коомдун өнүгүүсүнө маанилүү таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.

CEPF сайтында интерактивдүү карта

Ecosystem profile

Биотүрдүүлүктүн уялары (rus)

CEPFке шилтеме

 

WWF: Программанын уюштуруучусу

цца
Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фонду (WWF) – 5 миллионго жакын туруктуу тарапташтарды бириктирген жана 100дөн ашуун өлкөдө иш алып барган, жаратылышты коргоо боюнча эң чоң көз карандысыз эл аралык уюмдардын бири.

WWFнын миссиясы — планетанын табигый чөйрөсүнүн күчөп жаткан деградациясын токтотуу жана адам менен жаратылыштын гармониясына жетишүү. Башкы максат – Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калуу.

Дүйнөлүк бюджетибиздин жарымынын көбүн жеке жактардан келип түшкөн кайрымдуулук түзөт, аларды биз WWFнын тарапташтары деп атайбыз. WWF тарапташтары жыл сайын көбөйүүдө, ал эми биз ар бирөөнү бул жакшы жана өзгөчө маанилүү – жаратылышты сактоого көмөктөшүү ишине кошулууга чакырабыз.
(кененирээк)

 

 

AРГО: Өнөктөш

фкпщ

“АРГО” Жарандык Коомду Өнүктүрүү Ассоциациясы – бул жарандык коомдук уюмдарды (ЖКУ) бириктирүүчү, Казахстандагы коомдук уюмдарга жана коомчулуктарга кызматтарды көрсөтүүчү улуттук ассоциация. АРГО өлкөнүн жалпы территориясы боюнча ЖКУлардын ресурстук борборлорун бириктирүү менен 2004-жылы расмий каттоодон өткөн. Анын ар бир катышуучусу өзүнүн КЭУ тармагына ээ жана АРГОнун расмий мүчөлөрүнө Казахстандагы КЭУлардын дээрлик 80% жеткиликтүү. 10 жылдын ичинде АРГО Казахстанда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барган, ал эми акыркы жылдары анын иш алып баруу чөйрөсү Борбордук Азияга, КМШ жана Түштүк Азияга чейин кеңейтилди. (кененирээк)

 

 

CEPF: Программаны каржылоо

суза
Биологиялык ар түрдүүлүктүн Негизги Территорияларын Сактоо боюнча өнөктөштүк Фонду.

Биологиялык ар түрдүүлүк – Жердеги жашоо формаларынын кеңири топтому – адамдын жашап кетүүсү үчүн негиз салуучу өзөктү түзүүдө, бирок өтө чоң жана улам өсүүчү коркунучтун алдында болууда деп саналат. Биологиялык ар түрдүүлүктүн Негизги Территорияларын Сактоо боюнча өнөктөштүк Фонду (CEPF) 2000-жылы бул көйгөйдү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жана өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдөгү жарандык коомдун биологиялык ресурстарга байыган, бирок Жердин жер үстүндөгү экосистемаларынын коркунучунда калган, дүйнөлүк биотүрдүүлүктүн өзөктүү жерлерин коргоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолу менен чечүү үчүн негизделген. (кененирээк)